МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Атемир башын чайкады
Ачуу келип бир катар
Мойнуна минди шайтаны.
Оюна ар иш алганы,
Алооке качкан Манас деп
Эсине түшө калганы.
Капкама келип катылган,
Ордомо келип оолуккан
Оңой неме эмес го.
Сурады Акылбайыстан,
Аты-жөнүн сурабай
Акылы кем тайыздан:
Барбы жолдош-жоросу,
Кашында канча жолдошу?
Аттары кандай экен деп,
Аңдабай келип мага айтып
Ачууландың бекер деп.
Азыр кайра чыгыңар,
Аты-жөнүн, атасын,
Анык сурап угуңар,
Аңдабай мага сөз айтыш
Наадандык болор мунуңар.
Бу жерге келип күчөнгөн
Бери бекен, жин бекен,
Асилин сурап көрүңөр
Ата-жөнү ким экен?
Кыйын айткан сөзү деп,
Ак сакалдуу болгондо
Кыз алат бекен өзү деп,
Кыздарды кайдан көрдү экен
Капыр чалдын көзү деп,
Иниси бекен кыз алар?
Издеп журтка чаң салар.
Баласы бекен кыз алчуу,
Кызыңды маа бергин деп
Кыйбанын журтун кыстачу,
Тажиктин элин теңшерип,
Кебин кекеп сүйлөгөн
Кетүүчүдөй эңшерип.
Абалы сурап билиңер,
Оңой-олтоң жан болсо
Кесип алып келдесин
Көрүстөнгө илиңер.
Атемирдин сөзүнү
Анык угуп алышты,
Алиги чаркар супага
Банар алып барышты.

