МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Баштап кирип үйүңө
Кырк-отуздай жыйынды,
Сатылуу болсо ашыңар
Мен берейин тыйынды.
Аркалык деп болжойбу,
Аркалыктын баарысын
Алуучу деп ойлойбу,
Ашыңардан беришип
Акыңа алсаң болбойбу?
Капкага камчы илбеген,
Калкың менен куруп кал
Каадалуу нуска билбеген,
Конок келсе коржоңдоп
Кул-кутаны тилдеген.
Түбүмдү түрүп кеп сурап,
Түбүң барбы деп сурап,
Түртөсүңөр көп сурап.
Тегимди терип кеп сурап,
Тегиң барбы деп сурап
Тексиз киши дедиңби?
Темтейип келген бир чалдын
Тегинен эбеп жедиңби?
Башкы атам бар Бабыр кан,
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Буура кан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган.
Буура кан уулу Түбөй бар,
Түп Бээжин менен салышып
Түбүнөн алдам болгон жар.
Түбөй, Көгөй бир тууган,
Сүрүшкөн жерин кан жууган.
Түбөйдүн уулу Ногойду,
Түбүнөн иши оңолду.
Ногойдун уулу Жакыптыр,
Ордоңорго кор болуп
Ушу бүгүн жатыптыр.
Ойлоп турсам сиздерди
Башканы конок кылдырбай
Башынан арбак атыптыр.
Кыз үчүн мени кыйнаган
Баламдын аты Манастыр.
Баянын айтты бай Жакып,
Чалдын көрдү чатагын,
Уккан экен мурунтан
Эр Манастын атагын.
Айтты Жакып көп макал,
Абдыкалык ак сакал
Атасы экен Манастын,
Анык жерин укканы,
Алкымга жүрөк чыкканы.

