Аңдап сөзүн сураңар
Алтайдан келген кыргызды,
Жактырыптыр бир кызды.
Олтурбаңар бекер тим,
Ошо көргөн кызынын
Укту бекен, аты ким?
Сурап билип келиңер,
Мааниси мындай экен деп
Баянын айтып бериңер.
Бу сөздү айтып Атемир
Буйруп ийди бектерге,
Бай Жакыптын үстүндө
Бектер кирди кептерге.
Нуркунан сурап нускасын
Узартпай сөздүн кыскасын,
Кайдан катын алганын,
Манас болуп баласы
Каканга чатак салганын,
Аяк-башын сурашты
Анжыянды алганын.
Катын алып бергин деп
Карып калган чагында
Жакыпка чатак салганын,
Барганадан кыз таппай
Кейипке келип калганын
Баштан аяк кеп кылып
Баянын айтып салганы.
Аныгын билип алдырап,
Акылмандын баарысы
Тилден калды жалдырап.
Кийгендери кырмызы,
Көрүптүрсүз көп кызды.
Жактырыпсыз бирини,
Сайраган угуп тилини.
Таамай көрсөң затыны,
Айттың, уктук датыңы,
Анча көргөн кыздардын
Уктуң бекен атыны?
Ушу жерде сөз сурап
Жакыптын башын чатыды.
Жакып бай шондо кеп айтат,
Жайын айтып берейин
Көргөнүмдүн деп айтат:
Жолдошум менен атымды
Тоону көздөй жибердим,
Ордого конок болмокту
Оюма алып имердим,
Ороюңду көрбөдүм
Мындан мурун силердин.