Алтайдан көчүп алган соң,
Алайга келип калган соң
Өнбөгөн ишке чатылып,
Өзү келип катылып
Каратегин калчасы,
Кара тажик канчасы,
Каар көрүп барчасы
Таш-Котондун талаадан,
Тагызманын калаадан
Шооруктун кызы Акылай,
Шоодураган капырай,
Карматып алдым камоодон,
Кызын тартуу кылган соң
Кара тажик баарысы
Кутулган эле талоондон.
Кыз алгандай болбодум,
Кызык оюн көрө албай,
Кысталгандай болжолум
Кулдук уруп дайындап
Куда болуп кайындап
Кутулбадың карзымдан,
Куйкалап ийип дүйнөңдү
Ата сага кылбайын
Эскербеген дартыңдан.
Жашым жетти отузга,
Шашып калба окуска.
Катын алып бербейм деп
Калбаны бөөдө көрбөгүң
Аманат жаным өлбөсөм
Ар канча чыгым болсо да
Нагыз өзүм төлөймүн.
Эркелеткен эли бар,
Эдир-эмиш кеби бар,
Эртели-кечти көз кыскан
Жандама күткөн эри бар
Бийдин кызы болбосун.
Аалимдигин ашырып,
Ар иш кылса жашырып
Пирдин кызы болбосун.
Үкүлүү сексек, дөң маңдай,
Түштө туруп мен кандай,
Жардынын кызы болбосун.
Жамандык көрсө кектеген,
Жарыбаган иш кылып,
Талабына жетпеген
Ардуунун кызы болбосун
Чачылуу чачпак, чалма этек,
Караңгы үйдөн каймак жеп,
Атамдын көзү барында
Ар ким кардал малына,
Алар эрим мырза деп
Байдын кызы болбосун,
Малга кароо башыңды
Балакетке койбосун.