Туурук таман, тултук бет,
Туура тилин чайнаган
Кул кызынан болбосун.
Атам өзүң билерсиң
Анча-мынча ургаачы*
Купулума толбосун.
Эркелетип өстүргөн
Эркеги жок, кызы бар
Жалгызынан болбосун,
Атасын билбей башка өсүп,
Нөкөр-жөкөр өзүндө,
Өз эркинче кашка өсүп
Кан кызынан болбосун.
Өкүмү бар өзүндө,
Аят-адис сөзүндө
Казы кызы болбосун.
Карып калган чагыңда
Карайлатып бир адам
Капталтып сени койбосун.
Айтканыңда чының бар,
Анча-мынча сының бар,
Ачып кара көзүңдү,
Айтып кара сөзүңдү,
Абыдан чыңда өзүңдү.
Тарткан тасма белденген,
Тал чыбыктай теңселген,
Саамай чачы сеңселген,
Акылын терең ойлогон,
Ак сүлөөсүн баштанып
Аста басып сойлогон,
Ар бир түрлүү жумуштун
Аркасын аңдап болжогон,
Жазык маңдай, көөхар көз,
Инжи тиштүү, ширин сөз,
Ашкере кылган сабырын,
Адамга салбай жабырын,
Айтар сөзү акырын,
Эл алмакка жиберген
Нечен түрлүү акылын,
Боло турган жумушту
Болжоп билип алыстан,
Акылына жеңдирип
Ар кылган билбей калыштан,
Акылга дыйкан айлалуу,
Ааламга толук пайдалуу,
Көңүлү сылык, бейли кең,
Төрт тарабы болгон тең,
Жылдызы ысык, жылуу сөз,
Чырагы жарык, жоодур көз,
Алача моюн, түймө баш,
Акылга терең, боору таш,
Көкүлү көркөм, колоң чач,
Ошондой кызды көрмөккө
Аянбай ата көзүңдү ач.