Шаа мүйүзү тегизден,
Арыгы жок семизден,
Өңкөй таргыл өгүздөн
Мээнетке тууган бери ургур
Элүү өгүз салганы,
Дыйканчылык кылам деп
Эсепсиз айтып калганы.
Жыйырма беши сарала,
Жыйырма беши карала
Элүүнү салды жана да.
Миңи кара, миңи ак
Кой салышын карап бак,
Коржоңдойсуң Манасым,
Кайнатаң айткан малын тап.
Кырк миң дилде пул деди,
Ургаачылуу-эркектүү
Эки киши кул деди,
Кайнатаңыз Атемир
Айткан кеби бул деди.
Караймын балам алыңды,
Карыганда кыз үчүн
Каңгыраттың чалыңды,
Камдап эми таба кой
Калыңга берчү малыңды.
Жаратканым кут кылса
Акылыңа бир толор
Ала турган жарыңды.
Ал сөздү айтып салганы,
Атпай калың кыргызга
Арстан Манас карады.
Алса катын ушунда
Куда болор тушунда
Ага-иниден кошумча
Наркы бизге калганы.
Баары олтурган көпчүлүк
Башы кара ак төөдөн
Жүз отуз айтып салганы.
Ак баш кара төөм бар деп,
Алты жүз он төрт киши айтты.
Ак маңдай кара жылкыдан
Алты миңге жакынды
Алыңыз деп баарысы
Эр Манасты такыды.
Кара куйрук ак жылкы
Бери болсо беш миңче
Беребиз деп чуулады,
Он эки тайпы кыргызы
Ошо жерде дуулады.