Атам сизди келсин деп
Айтып жатыр үйдө деп
Абыке мырза барыптыр,
Алмамбет менен Манаска
Айтып кабар салыптыр.
Кыз тапкан белем атаң деп,
Кыраан Манас айтып кеп,
Алмаңа сүйлөп калыптыр:
Тапканы болсо көрөлүк,
Тагдыр кылса көнөлүк,
Таалайда болсо көрөлүк.
Аны айтып эр Манас,
Айбалта, кылыч эгешип,
Алмамбет, Манас кеңешип,
Атына минип алганы,
Ак сакалдуу Жакыпка
Ал экөө азыр барганы.
Ак сакалдуу бай Жакып
Алардан мурун беш күнү
Элине кабар салганы.
Элге кабар салыптыр,
Не кыйындын баарысын
Кашына жыйып алыптыр:
Акбалта менен Бердике
Бу да келип калыптыр,
Айыл билген карыя
Жуда келип калыптыр.
Ошпур менен Акымбек
Ошолор да барыптыр,
Көкөтөй менен Жанайы,
Көргөндөрдүн далайы
Көңкү келип калыптыр.
Көгала сакал Чагоо бар,
Бу да келип калыптыр,
Ороздун уулу Чагатай,
Азаймат менен Бердибай
Жуда келип калыптыр.
Алардын акыр үстүнө
Алмамбет, Манас барыптыр,
Кыргыл, Бакай келсин деп
Кыргызга кабар салыптыр,
Кырк чоронун баарысын,
Жашы менен карысын
Жалпы жыйып алыптыр.
Эр Жакып сөздү баштады,
Эл тыңдады, шашпады:
Жайдан жадап кыш издеп,
Алмамбет келген бала үчүн
Ааламды кездим кыз издеп.
Чаржуй менен Букардан
Чарчап таппай булардан,
Самаркандан, Ташкенден,
Сараладым башка элден.