Сарпайы менен тонуну,
Ак сакал болгон атаңа
Атемир кылган жолуну,
Алып келгин эл көрсүн,
Ата улуулар тон бөлсүн.
Ал сөздү Жакып салганы,
Акымбектин Меңдибай
Он эки сарпай көтөрүп
Ортого алып барганы.
Үчөө дейилде шыбама,
Он эки тайпы көп кыргыз
Бу да дешип шыбага
Урууга бөлүп алганы,
Ушуга барсак экен деп
Алмамбет, Манас баарысы,
Бакай, Кыргыл карысы
Көңүлдөнө калганы,
Анда Манас кеп сурайт,
Ай, атаке деп сурайт:
Аңдапсыз наркы тегини,
Айттыңыз мактап кебини,
Ал элдин айттың алыны,
Кыз беришип, кыз алса
Болот бекен калыңы?
Бизге салган мал барбы,
Айтыңызчы малыны?
Анда Жакып кеп айтат:
Даткасы, бийи шок экен,
Байкап көрсөм баштатан
Кызында калың жок экен.
Кызыңды бер деген соң
Кысталышып калды деп,
Кыргыздын заңы мындай деп
Кыйла мал айтып салды деп.
Балаңды бергин дегенде
Балакетке калды деп,
Баркыбызга жараша
Малды арбытып салды деп,
Арбын калың мал алып
Атасы кыздын оңот деп,
Жарым малын кызына
Жасоо кылып коёт деп,
Токтолгон болсо үдөтү
Тоюн арбын соёт деп,
Удайчы менен даткасы
Кызыккан болсоң кыз үчүн
Кызмат кыл деп биз үчүн,
Алтымыш төө бер деди,
Отузу болсун ургаачы,
Отузу болсун эр деди,
Аштары кара, өңгөсү ак,