МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Уругу кыргыз ойлоп бак!
Табалбас деп салган мал,
Кара башыл төө болсо
Калайык муну оюңа ал.
Отуз эркек төө болсун,
Оно бою капкара,
Баштары анык ак болсун.
Ак баш төө табалбай
Агала сакал ушу чал
Айласы кетип мак болсун.
Кыз атасы Атемир
Бу сөздү айтып салды деп,
Бербести сүйлөп калды деп
Бай Жакып айтып салганы,
Кыйын мал салган экен деп
Кыл муруту солк этип
Кыраан эр күлүп алганы.
Жылкыдан канча салды деп
Жакыптан сурап калганы.
Анда Жакып муну айтат,
Ачык-жарык куп айтат:
Беш жүз жылкы салды деп,
Бери ургурдун кыйнаары
Өңдөш айтып калды деп.
Тумшугунда тагы бар,
Маңдайында агы бар,
Жүздүктөй кара жүз деди,
Аркар шыйрак, нар таман
Аркасы болсун түз деди.
Кара куйрук, ак жылкы,
Казатка минсе бап жылкы,
Андан жүздү бер деди,
Элүүнү чаар салды деп,
Эсер каның сүйлөдү
Эсеби жок малды деп.
Манаттай кызыл жээрде
Элүүнү айтып калды деп,
Тору, кула, кызылдан
Жыйырма бештен салды деп.
Эки-үч асый уйлардан
Элүүнү актан салды деп,
Кара болсун букасы,
Катыша албай качсын деп
Кыргыздын жону жукасы,
Жана элүү карасы,
Алты жашка толбогон
Болсун уйдун сарасы,
Актан болсун букасы,
Кыйын дешет Манасты,
Кыргыздын дешти туткасы,
Кыз алары чын болсо
Барбы деп муну укпасы.

