Бакай көзүн жаштады:
Ай тийгени колуңа
Ала турган жарыңдын
Акылынын жетиги,
Башка чукак экен го
Чекесинин кетиги.
Башкасы алган толук ай,
Балалуу болуп баарысы
Балкыйт экен көөнү жай,
Манас менен Алмамбет
Бала көрбөй зарыгып
Жүрөт экен бир далай.
Анда Манас кеп айтат:
Ай колумда болду деп,
Аягында ошол ай
Артык болуп толду деп.
Алганымда кетилди,
Аягында ай толуп
Кадимкидей жетилди.
Башында кетик болгону,
Аягында толгону
Алардан бала табылып
Элиңе ээ болгону.
Ал сөздү айтып эр Бакай
Жоруп түшүн койгону.
Буруш жерден бугу атып,
Бугудан атып сулатып,
Курбудан кулжа атышып,
Кубанчына батышып,
Адырдан аркар атышып,
Аңгемеге батышып,
Ар бир жерде эрендер
Ат өргүтүп жатышып.
Бадалдан марал атышып,
Баатырлардын баарысы
Мааракеге батышып,
Он бир күн өтүп арадан,
Ойлонуп үйүн ар адам,
Үйгө кайта кетсек деп
Ойго-тоого тараган.
Үйгө кайта тарашып,
Ойдо-тоодо көй баатыр
Оокатына карашып,
Жанып Манас барыптыр,
Манас келип калды деп,
Алмамбет менен Манасты
Азыр мында келсин деп,
Бай Жакып айтып калыптыр.