МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Эркегиңиз нечедир?
Адамга адам жолукса
Көңүлдөгү түйүндү
Көрө-биле чечедир.
Бай Жакып антип сурады
Азыркысын Атемир
Жообун айтып турады:
Актааладан амыр күч,
Кыз балам эки, эркек үч,
Бешөө деди мерзентим.
Баянын сурап балдардын,
Балкыганын көрүңүз
Башта чоочун чалдардын.
Эр Жакып шондо кеп сурайт:
Эки кызың бирдей тең
Колуңдабы деп сурайт.
Анда Темир кеп айтат:
Адирабийга бир кызым
Башта барган байына,
Бара турган жайына,
Санирабийга бу кызым,
Азыр турган колумда.
Каалап аны турусуң,
Көрдүк келген жумушуң.
Ак ала сакал Атемир
Ал сөздү айтып салганы,
Акымбек уулу Меңдибай,
Жакыпка карай калганы.
Кулдук пулуң бергин деп
Бай Жакып сүйлөп калганы.
Меңдибай туруп куржундан
Бир шаңшуур жамбы * алганы,
Бейбереке болбо деп,
Берерди өзүм билейин,
Куржунуңду көтөрүп
Алып келгин колго деп
Бай Жакып сүйлөп калганы.
Кол салып Жакып куржунга
Бермек болуп кулдукка
Шаңшуурдан тандап чоңду алды,
Санап туруп онду алды.
Баарысын берер бекен деп
Бек заадалар көз салды.
Чочпарадан * онду алды,
Бай Жакыптын ишине
Байкаганы таң калды.
Тай туяктан * онду алды,
Баарысына баалык
Алтындан койду бир жамбы,
Адамдар көбү таңданды,
Көрмөк үчүн көп адам
Көпчүлүк болуп жарданды.

