Алтымыш шуудур салыңар,
Улуксуңар баарыңар,
Угузуңар, калыңар,
Кудай уруп тапсынбы,
Кутулуп жатып калыңар.
Ойлонбой баарың турбачы,
Ошо алтымыш төөнүн
Отузу болсун ургаачы.
Баштары кара, өңгөсү ак,
Баатырлар муну ойлоп бак.
Эркек болсун отузу,
Жамы бою капкара,
Жалаң башы ак болсун,
Таба албай жүрүп куу кыргыз
Ушуну менен мак болсун.
Бери болсо бу чалга
Беш жүз жылкы салыңар,
Бербей койдуң малды деп
Бекер гана кутулуп
Белсенип жатып алыңар!
Эки жүз бакар салыңар,
Эки жүзүн тим койбой
Түрлөп айтып калыңар.
Салган беш жүз аспиден
Маңдайында агы бар,
Тумшугунун үстүндө
Нокто кескен тагы бар
Жүздүктөй болгон кара аттан
Жүзүн санап алыңар:
Кандын бу деп буйругу,
Капкара болсун куйругу,
Оно бою ак болсун,
Кара куйрук, ак атты
Кайдан издеп табам деп
Качып кыргыз токтолсун.
Баары окшошкон пар болсун,
Жоору жок, чаар болсун,
Жолу каткан кыргызга
Таппай турган мал болсун.
Ак, карадан неме жок,
Кыпкызыл болсун жээрде,
Кыйналсын кыргыз табалбай,
Кызды калсын ала албай.
Кара жалдуу куладан,
Каңгырасын бу наадан,
Элүү деп эсеп салыңар,
Чабдар менен торудан
Жыйырма бештен алыңар,
Качсын десең бу чалды
Ушу болсун малыңар.