МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Ушуну айтып салганы
Макул болду баарыга
Абдыкалык карыга,
Акылбайыс, Түлөөбек,
Ал олтурган баарына.
Абдылкасым, Шаатемир,
Анын баары кубанды,
Атемир шондо жөнөлдү
Көрөйүн деп кудамды,
Атемирдин үстүнө
Аз болгондо алты жүз
Ата уулунан куралды.
Ал аңгыча Жакыптын
Атка кеткен балдары
Азыр келип калганы:
Акынбек уулу Меңдибай,
Акылга дыйкан бир далай,
Атайдын уулу Бөкөсү,
Алыбек уулу Жөкөсү,
Ат багар эки кулу бар
Аңгемесин угуп ал.
Белендеген немедей
Бешөө келип калыптыр.
Ак сакал чалдын жолдошу
Азыр келди бешөө деп
Айтып берди бирөө кеп.
Камданып алып капыр чал,
Жалгыз жүргөн экен деп,
Жалпы баары айтып кеп
Жабырашып калышты,
Балкыгандай көңүлү
Бабырашып калышты.
Кыз берсек кызык кеп болот.
Кыргыздан келген куу чалга
Канча мал салсак эп болот?
Удайчың бар, бийиң бар,
Мансаптуунун баарысы
Миңден чыккан бириң бар,
Панжа * башы бегиң бар,
Баарың карап олтурсуң,
Кандай айтар кебиң бар?
Төө деген бир мал бар,
Канча деп айтсак эби бар?
Аспиден * канча салалык,
Айдатып арбын алалык.
Келеден * канча салалык,
Келтирип арбын алалык.
Көспанттан * канча салалык,
Көбүрөөк кылып алалык.
Абдыкалык ак сакал,
Акылбайыс дагы бар,
Ата уулунун бектери
Баары олтурган чагы бар.

