МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Антип-минтип алганча
Ай-күн өтөр ар канча,
Эркекти алып кыз бала
Эл ичинде жүрөбү,
Кызды алып эркек кетмек бар,
Таалайы кандай ким билет,
Талабына жетмек бар.
Кабылан Манас баатырды
Кабары катуу акыры.
Кара кыргыз каны экен,
Кабарын уксак мүнөзү
Канга ылайык жан экен.
Айтор арзан чал эмес,
Ойлоп жүрбүз кечетен
Оңой-олтоң жан эмес,
Манас деген немеси
Кызга теңтуш бала эмес.
Сакал чыккан муруттуу,
Сапырган далай журтту,
Нече жашта болду экен,
Не деген сөзү журтуна эм,
Сурап билсек болбойбу
Атасы азыр колдо экен.
Акылбайыс, Түлөөбек
Айтып салды мындай кеп.
Абдыкалык сүйлөдү:
Жашап калган жан болсо
Бербейт белең кызды деп,
Бербеймин деп узатсаң
Азапка салдың бизди деп.
Абдыкалык кеп айтат,
Ай, калайык деп айтат:
Менин сөзүмдү алыңар,
Аркалыктын өзүнө
Арбын дүйнө салыңар.
Арбыта малды салыңар,
Акылын минтип табыңар,
Ар кайсы малдан бир канча
Айтып-айтып калыңар.
Оюңа келген малды сал,
Оозуңа келген пулду сал,
Кызматыңа кулду сал,
Кыз алам деп аптыгып
Ордо мейманканага
Олтуруптур кузгун чал.
Узаталык мал салып,
Арбын малды салган соң
Убара болор сандалып.

