МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Атемир шаанын кызы деп,
Акылга дыйкан узу деп
Айтып беги салганы,
Улугунун кызы экен,
Угуп алып кан Жакып
Кубаныч кылып калганы.
Аныктап алып бай Жакып
Азыр калбас тек жатып:
Жактырган кызым кан кызы,
Бир атанын жалгызы.
Берер болсо берерин,
Мен билбеймин не дээрин,
Бербес болсо бербесин,
Бектер кылып кеңешин,
Жообумду менин бериңер,
Жолуңа түшкүн десеңер,
Берер болсоң берем деп,
Кулдук дейбиз биз жакта,
Бата аягын жесеңер.
Бай Жакып сүйлөп калганы,
Бектеринен бешөөсү
Атемирге барганы.
Канына барып кеп айтып,
Кандай кылып бу чалдан
Кутулабыз деп айтып,
Жатып алып камышка,
Кыздын баарын көрүптүр
Жарыбаган абышка.
Санирабийга баланы
Самап бу чал калганы,
Бербейбиз деп узатсак
Заман акыр салабы,
Башкада эмес, балаңда
Ушу чалдын талабы.
Берсе берем десин деп,
Бектерден жооп берсин деп,
Бербесе бербейм десин деп
Капыр чал бизди камады,
Карап чалдын мүнөзүн
Кайрат бойдо калбады.
Канетебиз аны деп,
Кайрат кылган адамдын
Калар эмес жаны деп
Канына булар барганы.
Атемир анда кеп айтып:
Акылмандар жыйылсын,
Мыршаптын жетөө чабыңар,
Бул шаарда бектерден
Аялдатпай табыңар,
Үйүнө бирин койбоңор,
Удайчы *менен датка * деп,
Ата уулунун баарысы
Азыр минсин атка деп
Атемир буюруп салыптыр,
Желип-жортуп кыштакка
Жети мыршап барыптыр.

