МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Кырк баатырдын баарысы
Кысталышта ар качан
Кылат экен намысты,
Кылайган малдан койбо деп
Кыйкырыкты салышты.
Катын алса Манастан
Кантип аяп калалык
Кара журттун байы айтат,
Канча десең турдук деп
Кан Манаска жай айтат.
Ыкыбалдуу элди көр,
Ынтымактуу эрди көр,
Бирдей болду эшик, төр.
Каткырышты балдары,
Куда башы болмокко
Карпаңдады чалдары,
Айтканынан үч эсе
Артык малын камдады.

