Бай Жакып берген пулунан
Баарына пайда тийгизди,
Кыргыздын заңы кандай деп
Биле алышпай турушту,
Билбесек да кийсин деп,
Биздин эл кылган жумушту
Бу да көрүп кетсин деп
Кызыл кымкап дейилде *
Үч сарпайы *кийгизди,
Башайы менен бейкасам
Тогуз сарпай кийгизди,
Жарашып куда болушуп
Жакыпты жолго киргизди.
Үч күн жүрүп арада,
Чөл-биябан талаада,
Азиреттин Кара-Тоо
Азыр келди Жакып бай,
Ага-иниси, эл-журту
Жаткан экен жайма-жай.
Келди деп Жакып үйүнө
Кетте тон алып бир далай
Калкына кабар жетиптир,
Кан Алмамбет, эр Манас
Кара-Тоого уу кылып
Жети күн мурун кетиптир.
Уудан кийик атыптыр,
Азиреттин бөксөгө
Аң уулап келип жатыптыр.
Алмамбет жатып түш көрүп.
Чекеси кетик толгон ай
Колуна кирип атыптыр,
Койнуна бирге жатыптыр.
Ойгонуп алса түшү экен,
Оболдон акыр Алмамбет
Түк көрбөгөн иши экен.
Алмамбет туруп ойгонуп,
Айтайын деп Манаска
Ар бир акыл ойлонуп.
Таң сөгүлүп атыптыр,
Чекеси кетик толук ай
Манас да алып жатыптыр.
Кырк баатырдын баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы
Бир-бирден толук ай көрдү,
Көзү түшүп, колго алып,
Көңүлдөрү жай көрдү.
Эрте туруп эр Алмаң
Манаска түшүн баштады,
Манас да айтты көргөнүн,
Эр Бакай жоруп берсин деп
Баянын айтты Бакайга.