МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Жанардын белин ашканым,
Балдарым үчүн кыз издеп
Далай жолду басканым,
Кечип өтүп суусунан
Кейиптин журтун наздадым.
Кейип деген жер экен,
Кеңири тажик эл экен,
Бизден мурун көп жылда
Мусулман болгон неме экен.
Элинде болсо ургаачы
Эбактан берки наркы экен
Эркекке жакын турбасы.
Аларды бийлээр кан экен,
Азыркы көргөн журтумдан
Азада * болгон жан экен,
Атемир деген эр экен,
Арсуу, Кейип жер экен,
Агасы аты Атемир,
Абылкасым иниси,
Кенжеси экен Шаатемир.
Үч ага-ини киши экен,
Кут куп мени жеткирген
Кудуреттин иши экен.
Абыл, Кабыл, Жанадил
Үч эркеги бар экен,
Азыр мага жакканы
Санирабийга бала экен.
Адирабийга дегени
Кеткен экен байына,
Азыркы кыз Саанини
Алган болсо Манасым
Келер дедим жайына.
Кашында бар кырк нөөкөр,
Ошол Саани балада
Ою терең көп жөкөр.
Көрүп кыздын өзүнү,
Атемирин баш кылып
Көбүнө айттым сөзүмү.
Бата аягын бердим деп,
Байкап баарын көрдүм деп,
Кайып экен бир кызы.
Алмамбетим алса деп
Ага да ооду көөнүм деп.
Отуз жамбы мал бердим,
Алтын жамбы зар бердим,
Он эки сарпай кийгизди,
Алып мында мен келдим.

