МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Бакчаны көздөй бет алып,
Басып жолго салганым,
Абуздун жогор жагынан
Камыш экен каралаш,
Куурай чыккан аралаш,
Олтуруп орун алганым,
Кыңылдашып сүйлөшүп,
Как ошо жерде мен көрдүм
Кыздардын келип калганын.
Көрөбү деп шекинип,
Көп куурайдын ичинен
Көзүмдү салдым бекинип.
Аңдап көрдүм алардан
Эки кайып, бир пери
Санирабийга бер кел деп
Кокок жемишти имерди.
Санирабийганы
Жагар го деп балама
Жакыптын кеткен кыялы.
Караңдыкы болсо да,
Каныңдыкы болсо да,
Төрөңдүкү болсо да,
Жөнүңдүкү болсо да,
Бекердики болсо да,
Бегиңдики болсо да
Берерби дейм балама,
Бербей койсоң ал кызды
Мээнет көрбөй коём деп
Бекер өзүң каалаба.
Бүгүн менин коногум
Кудамдан болду корегим,
Куудул сөз айтыпбир четтен,
Жакып бай сүйлөп салганы,
Жаман экен бу чал деп
Жайын айтып канына
Жалпы бектер барганы.
Аш-тамагын татышты
Аңгемелеп жатышты.
Теңтуш көрдү чалыны,
Кече билбей кейитип
Жапаа кылган жаныны.
Эрте туруп ал Жакып
Эшигинин астынан
Дагы көрдү Саанини.
Санирабийга баланы
Жакып көрүп алганы,
Тетиги бала кимки деп
Жанындагы бир бектен
Жайын сурап калганы.

