МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Боконо жүрөк болк этип,
Боор өпкөсү солк этип,
Жүрөгү кетип кабынан,
Билеги кетип сабынан,
Төртөөң мында тургун деп
Абдыкалык жөнөдү
Бай Жакыптын жанынан.
Атемирге киргени,
Ашыгып сүйлөп ийгени:
Көрдүм чалды, каным деп,
Чоң балакет келиптир,
Чоочуп келди жаным деп.
Кыргыздан чыккан бу бир дөө,
Кандай келген билбейбиз,
Аты жок, азыр өзү жөө.
Келген экен дигерде,
Кез келдим деди силерге.
Кел деп айткан тирүү жан жок,
Кеп сураган бир жан жок,
Конок элем мен деди,
Коногун көрсө коркуткан
Копшолгон кандай эл деди.
Жанында жалгыз киши жок,
Азыр жалгыз олтурат.
Ачуудан бөлөк иши жок.
Акылын кылгын каным деп
Ашыгып келди жаным ден
Абдыкалык сөздөдү,
Сөз артынан токтолбой
Атемир сөздү көздөдү:
Кылымдан киши жеңбеген
Кыйынга калган экенбиз,
Ааламдан киши жеңбеген
Азапка калган экенбиз,
Байкабай туруп коноктон
Мазакка калган экенбиз,
Мейманкана сарайга —
Даам берилген далайга,
Бектер кирип олтурган
Мейманкана киргизгин,
Бейкарар адам экен деп
Бейгуда* сүйлөп салбасын,
Бээжинден келген кыргыздын
Мээнетине калбасын.
Алда кандай адам деп,
Аркалыкты наадан деп
Ашепке сүйлөп салбасын,
Азабына калбасын.
Жуучу болуп кыз издеп
Журт кыдырып жүргөн чал,
Жолдошу жок, аты жок,
Жолукканын карап ал.

