МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ
Экөө желдет, үчөө бек,
Өлүм издеп өзүнчө
Жүргөн экен бу чал деп,
Өлүмүн өзү издеген
Өкүмсүгөн куу чал деп
Жакыпка жакын барыптыр,
Капаланып кан Жакып
Караңгыга калыптыр.
Салам айтпай улуксуп
Абдыкалык карганы,
Акылбайыс, Түлөөбек
Үчөө бирдей барганы,
Жакып байга ушулар
Салам айтып салбады.
Эр Жакып да жан дебей
Тынч олтуруп алганы.
Улук сыпат экен деп
Ушулар айран калганы.
Ак сакалдуу адамсыз,
Азып жүргөн адамдай
Кайдан келип калгансыз?
Кыларга барбы ишиңиз?
Кызматта барбы кишиңиз?
Сатууга барбы пулуңуз?
Жаман жорук мунуңуз,
Дигерден бери бу жерге
Тикирейип турдуңуз.
Корбашы чыгып кокустан
Кордук кылып койбойбу,
Кой дегенге тил албай
Түн паашасы корбашы
Зордук кылып сойбойбу.
Календаркана барбапсыз,
Каның тарткан не жансыз?
Кайсы элденсиз элиңиз?
Каңгып кайдан келдиңиз?
Абдыкалык сурады,
Ал сөзгө Жакып турбады.
Анда Жакып кеп айтат
Азаматтар деп айтат:
Карарып жаткан багыңар,
Калдайып жаткан тамыңар,
Атемир экен каныңар.
Көчөдөн көрдүм көпчүлүк,
Калааңдан көрдүм канча жан,
Калкың конок көрбөгөн
Каптап кетип алаамат
Калбаса керек жалгыз жан.
Кылычтуудан кыйынды,

