Эки-үч асый-бакардан
Элүүнү актан салыңар,
Кара болсун букасы,
Жолобосун бу кыргыз
Жондорунун жукасы,
Карадан элүү алыңар,
Актан бука салыңар,
Айтууга болсун малыңар.
Өңкөй таргыл өгүздөн
Элүү өгүз салыңар.
Карала өгүз жыйырма беш,
Сарала өгүз жыйырма беш,
Эки жүз бакар салыңар,
Эсептеп жакшы алыңар,
Кыргызга арзан табылбас
Ушу салган малыңар.
Эки миң көспант салыңар,
Миңин кара, миңин ак,
Бирин койбой алыңар.
Кызыл алтын дилдеден,
Кыргыз билбес дүйнөдөн,
Кырк миң дилде салыңар,
Жамбыдан бир миң алыңар,
Кыргыз түгүл ар жаккы,
Кытайдан кошо жыйса да
Кыйнаар ушу малыңар.
Угузалык муну деп,
Узаталык жанакы
Кыргыздан келген кууну деп
Таажысын кийди башына,
Бармак болду Атемир
Бай Жакыптын кашына.
Бешөө болуп жолдошу,
Белгилүү Жакып жолборсу,
Улуксунган Атемир
Ушу жерде көрдү Жакыпты:
Үшү кетти канынын,
Тынчы кетти жанынын.
Келбетин көрүп кейиди,
Айбатынан алсырап,
Кайратын көрүп кайгырды.
Мүчөсүн көрүп бөлүндү,
Манастын атасы экени
Маалим болуп билинди,
Салтанаттуу Атемир
Саламга араң илинди.
Аликти Жакып алыптыр
Учурашып калыптыр.
Урматын кылып, келгин деп
Бай Жакыпка Атемир
Оңунан орун салыптыр.