Самаркан элин саралап,
Жарды-байын аралап,
Оро-Төбө, Жызакты,
Онун баарын кыдырып,
Кыз таба албай сыдырып,
Кечип дайра Сырынан,
Боз үй тиккен эл байы
Чыйырчыктын кырынан
Көөнүнө кыз толтурбай,
Тынчып Жакып олтурбай,
Жай саратан баарына,
Ташкендин кирди шаарына.
Эл байы бар тыштагы,
Нече бөлөк кыштагы,
Айлыңда кыз барбы деп
Ата уулусун кыстады.
Табылбады Ташкенден,
Эми Жакып жөнөдү
Кыз кароого башка элден.
Күн батышта Кыйба бар,
Атактуу журт кыйла бар.
Нээтине алып эр Жакып
Аралады буларды,
Көөнүнө алып Букарды:
Улама бар илимдүү,
Улуктары билимдүү,
Ушул элге барайын,
Кыдырып кызын карайын.
Көңүлүнө кыз толбой,
Баарын Жакып аралап,
Манаска жагар кыз болбой,
Көсөл Жакып өтүптүр,
Кыйба тажик журтуна
Кылчайбастан кетиптир.
Дүнүйөсү көп чал дешип,
Жүргөн кандай жан дешип,
Жакшы кызды аябай,
Мейли жарды, мейли бай,
Көрсөтүп аны сал дешип
Кыйба тажик бектери
Кыз көрүүгө бу чалга
Уруксатты бергени,
Аз болгондо алты жүз
Ал шаардын кызын көргөнү.
Кыз жактырбай Букардан,
Ушунчадан кыз жакпай,
Не жан дешип бул адам,
Кыз көрөм деп кыдырып
Кандай жан деп бу наадан
Узатты жолго салышып,
Ушакташып калышып.