Кыз таба албай булардан,
Кыдырып өтүп Букардан,
Кечип өттү Кейипти,
Карып калган чагында
Кыз издетип кылымдан
Жакыпты Манас кейитти.
Эки жамбы пул берип,
Эл башчысын чакырып
Эр Жакып кызын сурады.
Кыз сураган бай Жакып,
Алым мырза дегени
Бай Жакыпка кыз бар деп
Барып кабар бергени,
Кандай түрлүү көрөм деп
Кан Жакып жооп бергени.
Алым мырза кеп айтат,
Ак сакал аңда деп айтат:
Атасынын аты Атемир,
Отуз калаа болгон кан,
Санирабийга деген кыз,
Өкүмүнө караган,
Өзү билет канча жан,
Кырк нөкөр бар жолдошу,
Кыйын болор ал кыздын
Эр жынсына бой кошуу.
Ага кошо окуган,
Акылдашып олтурган
Эки кайып, бир пери,
Эркек бенде эч көрбөйт
Анын кыйын бир жери.
Кыз жактырбай кылымдан
Кыдырып келген экенсиз,
Эгер жакса ушу кыз
Кантип алат экенсиз?
Балаңызды алуучу,
Аламын деп жан айтпайт,
Аламын деп айткан жан
Алек болуп калуучу.
Өз колуна караган
Аламын деп айткандан
Өлүп калган канча жан,
Падыша бөлөк — башка кан
Алам деп кардал болбосо
Батына албайт көп адам.
Бу сөздү айтып талдырды,
Жакыпты айран калтырды.
Эки жамбы жеп алып,
Кыз көргөзөм деп алып
Алым мырза барганы,
Он чактысы жыйылып
Удаа келип калганы.