Акыл менен эр баккан,
Айла менен эл баккан,
Баркын билип мал баккан,
Жалбарып акка жан баккан,
Ойротто жок уз болсун,
Ою терең кыз болсун!
Болсо болсун болгондой,
Көзү түшкөн бенденин
Көңүлүнө толгондой!
Дүнүйөгө ээ болуп
Түбү таштан коргондой,
Аз болгондо кайып иш
Алты жылдык жумушту
Азыр билип койгондой,
Берекесин көргөндө
Бейли бузук адамдар
Ичпей-жебей тойгондой,
Санаганы баары амал,
Турган менен жүргөнү
Туташ баары сарамжал,
Сөзү болсун шекер бал,
Ошондойдон ойлогун,
Оңой-олтоң кыз издеп
Окус кылып койбогун!
Баланы ата үйлөмөк
Баштагынын наркы экен,
Жаман да болсо балаңыз
Манас деп чыккан даңкы экен.
Малга кароо сырың бар,
Мал жагына калганда
Басылбаган чырың бар.
Ал сөздү айтып эр Манас
Атасын жолго салганы.
Атайдын уулу Боокени,
Акымбек уулу Меңдибай,
Алыбек уулу Жоокени
Кашына жолдош алыптыр,
Кан Жакып бай жөнөдү
Эки атка кошун арттырып,
Жаадай болгон бедөөгө
Жалаңдан аркан тарттырып,
Кыз табылса кокустан
Кысынып кантип турам деп,
Кызыл чака пул бербей
Кулдукту кантип урам деп
Алтымыш жамбы пул менен,
Кызматкери кул менен
Алда деп жолго салыптыр,
Аттанып чыгып калыптыр.