МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Бир жумадан бир жума
Той баштады жупжуда.
Ат, кунанды чаптырып,
Балбан, сайыш, көкбөрү,
Бар өнөрүн арттырып
Отуз күн оюн салышты.
Кызын алып жарашып.
Кырк күн тамам өткөн соң
Кыргыздын баары тарашып,
Кабылан Манас баатыры
Анжыянга бет алып
Аман келди акыры

