Төрө Манас баатыры
Төрт миң келген капырды
Төгүп канын акыры
Эт бышым койбой жапырды,
Канын суудай сапырды.
Үч миң алты жүзүнү
Жерге басып түзүнү
Кырып-жоюп сап кылды.
Жана Шоорук жиберди
Чечендер аттуу балбанды,
Он эки миң кол менен
Манасты көздөй жапырды.
Күлтүкан аттуу балбаны
Күркүрөп күрсү алганы,
Жеке өзү бир минип —
Жетимиш кулач пил минип,
Күрсүсү бар молодой,
Караса көзү капырдын
Кайканга казган ороодой,
Көзүндөгү чылпагы
Кайнаткан батман шородой.
Он эки миң жабылып,
Аккелте мылтык бир атты
Арстан Манас камынып.
Аккелтенин дабышы
Алты күндүк угулду,
Огу тийип капырдан
Отуз-кыркы жыгылды.
Түтүнү басты тумандай,
Кулап түштү Күлтүкан
Жер силкинген дубалдай.
Найза салды Чечендер,
Андай найза салгандан
Алек болгон нечендер.
Найзасын баатыр кагыптыр,
Арстан эр кылыч салыптыр.
Найзасы тийбей кеткени,
Найза салган Чечендер
Ажалынын жеткени.
Жетпегенде неткени,
Төрө чапкан бу кылыч
Төбөсүнө жеткени,
Ат-маты менен бөлүнүп
Жардай кулап кеткени.
Кыргыздын баары күңгүрөп,
Бакай баштап баарысы,
Кыргыл баштап карысы
Алтымыш миң көп аскер
Ат коюшуп калышты.