Үйүр кылбай боюма,
Келтирбей Көнөр оюна,
Жакынын чаап алайын,
Жакындатпай ушуну,
Жадатып кууп салайын!
Келгенин чаап алайын,
Келтирбестен ушуну
Кебезге сүрүп салайын!
Өздөрү жүрүп өлө албай
Өкүмөт кеби бир далай.
Жандары жүрүп жай албай
Жайылдык кеби бир далай.
Аскерди жыйнап албасам,
Анча-мынча бүлдүрүп,
Анжыянга, Кашкарга
Артылта кууп салбасам!
Кошун жыйып, кол жыйып,
Кошунду арбын мол жыйып,
Кысмакты буга кылайын,
Кыйыктык кылган кыргызды
Кылычка салып кырайын,
Кызылдан ары өткөрүп
Кыр ашырып тынайын!
Кошун алып жүрөйүн,
Аягын өөдө түрөйүн,
Айдап тоодон ашырып,
Алайды көздөй сүрөйүн!
Кезектин уулу Шоорук кан,
Кесиреттүү бу бир жан.
Ат ордуна мингени
Кызыл куйрук, кызыл нар,
Татала деген журту бар,
Таза сонун ушулар.
Төөнү багат мал кылып,
Кышында барбайт ээлери,
Кырга кетип төөлөрү.
Төөгө ылайык чөбү бар,
Жапайы кетип жан сактап
Төө кийиктин көбү бар.
Сууга таңсак, баары чөл,
Мар-жыланы — баары төл.
Чөлдө жүргөн кулан бар,
Урун мар деп аталат,
Уча турган жылан бар.
Кай бир булак көзүндө
Кайнап жатат куланы,
Качырганын соо кылбас
Канаты бар жыланы.