МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай,
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай.
Калкына кабар салыптыр,
Казаттын жолун билбеген
Капилет өскөн калктыр,
Эки жүз да токсон миң
Элин жыйып алыптыр.
Чечендер аттуу баатыры,
Ченcиз айбан акыры,
Күлтүкан аттуу балбаны,
Күлдү журтун алганы,
Күйөнүш, Кеймен аяры,
Эр Шоорук кан баш болуп,
Күңгүрөп жолго салганы:
Чаталак ашуу бел менен,
Эки жүз да токсон миң
Ар түрдүү сонун эл менен.
Шоорук кандын кызыл туу
Асабасы жалбырлап,
Алтын купа* добулбас
Какса угулуп каңгырлап,
Тартып керней бапылдап,
Дап кактырып дапылдап,
Чымылдагы, сурнайы,
Карап көрсө каранды
Чын балакет турбайбы.
Эркек үчөө, кызы экөө
Шоорук кандын баласы,
Акылай улуу кызы экен,
Ургаачынын сарасы*.
Он алты жарым жашы бар,
Оролгон кара чачы бар
Саат салган топчудай
Келишкен кара кашы бар.
Инжи тиштүү, кыйгач каш,
Тамагынан көрүнгөн
Кара мейиз жуткан аш.
Колу күмүш зымындай,
Бели канжар кынындай,
Сонундугу этинин
Зооттон чыккан чыныдай,
Карагаттай көзү бар,
Канттан ширин сөзү бар.
Аскерин жолго салыптыр,
Эртең аттанамын деп
Эр Шоорук үйдө калыптыр.

