МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Алтайга барчу белинен,
Ат баспаган жеринен,
Кийик ашпас тоо менен,
Тар капчыгай зоо менен,
Ашып кыя бел менен,
Өлгөнчө кармашайын деп
Өзү тийген эл менен
Ашып түштү Алайга,
Аңдап турсаң мунун да
Арты кетер далайга,
Үркүп кыргыз кетиптир
Анжыян жаккы тоосуна
Шоорук кандын кошуну
Тоо таянып жетиптир.
Караанын жаңы көргөндө
Караңгы кирип кетиптир.
Урушту түндө салбайын,
Убарага калбайын.
Калбаны түндө салбайын,
Канга забын* калбайын.
Не болсо эртең көрөрмүн,
Үрүстөм өзү болсо да
Үстүн-астын бир салып
Үлгү кылып жөнөрмүн.
Каарданып муну айтып
Кабылан төрө Манасың
Жатып тынчтык алыптыр.
Багымдат намаз окушуп.
Азырлап атын токушуп,
Жарагын белге чалынып,
Жаратканга жалынып,
Ак күбө тонду кийинип,
Саадагы бала белиндей,
Тасма тартып ийилип.
Алыскы-жуук айныбас,
Ыраакы-жакын ылгабас,
Ортосу болот, оозу албарс,
Түтүнү туман, түбү Ыспан,
Кароолу дажаал,* огу ажал,
Асынып жүрсө Аккелте
Ашыкпаса — койчагыр,
Ачууланса — замбирек —
Аккелте мылтык асынып,
Шай колдогон бадирек,
Камыш кыйып каптаган,
Тарамышка чаптаган,
Темирин сегиз кырдаган,
Он эки түрлөп сырдаган,
Бөрү тил мизин чыгарган,
Учун ууга сугарган,
Шамалга тийсе ырдаган,
Тийген жери ырбаган,
Чагарак алтын тактырган,
Душман жакка бактырган
Салды найза карыга,
Сандыргалуу султаның
Бүгүн минип каарына,
Түн ичинде суурса
Өрт өңдөнүп кызарган,
Уруштуу күндө узарган,
Заарын тарткан мунардан,
Учун кайкы чыгарган,
Тоого чапса таш кескен.

