Акбалтага жыйылып,
Аң издөөдөн тыйылып,
Келип кебин угуптур,
Айтканын угуп Манастын
От көзүнөн чыгыптыр!
Аскер ылдам келсин деп
Алты киши чаптырды,
Анжыяндын боорунан
Адам калбай келсин деп
Кошунуна чакырды.
Кара-Кулжа тарынан,
Көкүрөк, Көк-Арт баарынан,
Кара-Алма кайкы белинен,
Калба деп кыргыз элинен,
Топурак-Бел, Кара-Суу,
Ортосу Оган дабаны,
Орчун шаар Анжыян,
Тез келсин деп аларды,
Маргалаң менен Зымыны,
Калбасын деп Чымыны,
Кожент менен Жызакты
Бачым-ылдам келсин деп
Баруучусун узатты.
Айтып кебин эр Манас
Анжыянды чакырып,
Айтып Манас болгончо
Акбалта сөгүп бакырып:
Жакыптын уулу Манасым,
Жаныңды жечүү баласың,
Айрып келип Алтайдан
Азапка салчуу балаасың!
Атамдан калган жерим деп
Жетим уул, тул катын,
Чаптырып ийип кыргызды
Убалга минтип каласың!
Кытайдан бөлөк жоо жок деп
Кыялыңа аласың,
Кырып кетсе кыргызды
Кыбаң шондо канасың!
Алтайдан элди көчүрүп
Кыянатчы адамсың!
Адыры чөптүү, жери жай,
Ар түлүк малга эли бай,
Маңгул, калмак аралаш
Башыбыз Мамыр, кең Алтай!
Бар-Көл, Төр-Көл көлүбүз,
Баштап келип балаага
Малынтканын көрүңүз!
Алдырып коюп Алайдан,
Арманда өлөр далай жан,
Алтай деп жүрүп көбүбүз,
Анжыян, Алай жериңиз,
Арзыбады көөнүбүз.