Камыш кулак, сом туяк,
Балтыры бала белиндей,
Басканы сырттын желиндей.
Чарайна төшкө тартынып,
Каруу-жарак карк алтын,
Көпкөк темир артынып,
Карыпчысы, кыягы,
Каармандай сыягы,
Белдемчи* темир байланып,
Бел булуттай айланып,
Бербердигер бергин деп
Жаратканга жалбарып,
Майданга барып турганы,
Ажаалалап кыйкырып
Капырды кудай урганы.
Дөгөшө аттуу балбаны
Төрт миң кошун алганы,
Төрөнү көздөй ат коюп
Баары жөнөп калганы.
Арстан Манас баатыры
Алиги төрт миң баатырды
Астын-үстүн салганы,
Аккуланы жүгүртүп
Аралашып калганы.
Дөгөшө келип качырып
Төрөгө найза салганы,
Дөгөшөнүн найзасы
Төрөгө батпай калганы.
Төшүнө найза такалды,
Карылар айткан макалды.
Төшкө сайып Дөгөшө
Жыгууга алы жетпеди,
Найза сайган капырга
Аккула ат менен кептеди,
Найзасы сынып качырап,
Өз найзасына илинип
Чалкасынан кеткени.
Жыгылып калган капырды
Сырттан Манас беттеди,
Жерден өөдө турарда
Шыпырма кылыч кара курч
Башын кагып кеткени.
Башы калды томпоюп,
Өлүгү калды зоңкоюп.