Аш кайнамга калбады,
Он эки миң кошунун
Ойрон кылып салганы.
Кан Шоорук кан акырды,
Качыр, капта, койбо! — деп
Кайраттанып бакырды.
Жүргүзүп ийди майданга
Сексен төрт миң капырды,
Аз экен деп ойлонуп
Арстан Манас баатырды.
Миңинин саны — сексен төрт,
Билгенге болду кызыл өрт.
Жеткен ажал далайга,
Уруш болду Алайда.
Шоорук кан, Маймун зор экен,
Жүрүп келген кошуну
Үч жүз миңче кол экен.
Өлдү көбү теңделип,
Жаны тирүү калганы
Жарадар болуп сенделип.
Эртеси жок кечинде,
Түш эңкейген кезинде
Көтөргөнү туу болуп,
Көзүнүн жашы суу болуп,
Сандыргалуу төрөнүн
Заарына чыдабай
Шоорук каны баш болуп
Качып алып жөнөдү,
Ар тушунда бел менен
Ашып алып жөнөдү,
Өлгөнүнөн калганы
Эки-үч бөлөк бөлүнүп,
Шашып алып жөнөдү.
Мургапты көздөй бет алып
Каны Шоорук салыптыр.
Үч жүз миң келген аскерден
Шоорукка жолдош көп элден
Алтымыш миң калыптыр.
Кабандар деген жол менен,
Бузулуп качкан кол менен
Эки күн түн качыптыр,
Энтелеп жаман шашыптыр.
Шоорук барды жерине,
Аныктап кабар сала албай
Өз караган элине.