МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Тандаган тонуң кийиңиз,
Табытта турам билиңиз.
Тартуу тартып, багынып
Жан аргасын кылбасак
Аман калбас бирибиз.
Муну айтты Шоорук кызына,
Кыз сүйлөдү тышына:
Өкүнбө өткөн ишиңе,
Өкүнүчтүү ажал келгендир
Өлгөн далай кишиңе.
Тандоо менен ат минип,
Талап менен тон кийип
Байытат белем кыргызды.
Байкабастан катылып
Башында сизди тер кысты.
Кырк бир кызыл нар менен,
Кырк көмүркөй зар менен,
Чабындыдан кутулган
Алты жүз айдап мал менен,
Отуз бир сулуу кыз менен,
Нан көтөрүп, туз менен
Астына барды каныңыз.
Алтымыш нөөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда,
Жаш төгүлгөн койнуна,
Болдум душман сизге деп,
Каар салдың бизге деп,
Арстан Манас баламсың,
Ата жолун изде деп,
Кылар болсоң тез кылгын,
Эртерээк ишиң иште деп,
Тартып келдим кызымды,
Жалынып жаным сурайын,
Жалпы журтум кысылды.
Жан билбеген сырымды,
Салдым сага чырымды,
Жайыңды билбей катылып
Далай журтум кырылды.
Өзүң билгин эр Манас,
Ырайым бизге кыларды,
Өчөшсөң өзүң да билгин
Өмгөктөтүп кырарды.
Чабамын деп камындым,
Аскер алып үч жүз миң
Алайыңа жабылдым,
Алдырып коюп өзүңө
Жан соога деп сабылдым.

