МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Арзан деп барып тием деп
Арстанга катылып
Акылымдан жаңылдым.
Ажалы жоктон өлбөдүм,
Акыр аргам кеткенден
Акылай балам баш кылып
Астыңа тартуу жөнөдүм.
Айтты Шоорук мудаасын,
Арстан Манас баатырдын
Адам билбес мүнөзүн.
Кылая багып күлбөгөн,
Күлгөндүн сырын билбеген,
Күңгүрөнүп сүйлөгөн,
Күлпөңү арткан дүйнөдөн,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш
Кашкайып чыгып алыптыр
Абакеси Бакайга
Арстан эр көзүн салыптыр,
Абаке, бу сөз кандай деп
Арсаңдап күлүп калыптыр.
Ачууңдан аба жаныңыз,
Астыңа келди каныңыз,
Өзүңүзгө сыйынып
Өтүнүп келген жан экен,
Айтканын азыр кылыңыз.
Ал сөздү айтып салганы,
Ушундай болсо макул деп,
Орчун жыйын көпчүлүк
Оң сөз дешип калганы.
Ордоңузга киргин деп
Оболунда Шооруктун
Өзүн баштап барганы.
Шоорук кирди сарайга,
Шоораты кетти далайга.
Тартуу келген кыздарды,
Таттуу болду сөздөрү,
Тандаганга бу кыздар
Өзү каалап тийсин деп,
Тандасын деп өздөрү
Көңкү турган көпчүлүк
Кыздын өзүн кыстады.
Ойрот журт турду жардашып,
Ортодогу отуз кыз
Көпчүлүккө көз салып
Кыдырата карашып.
Кыздар карап тек турду,
Каалагын деп бир-бирин,
Сен каалагын деп турду.

