МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Бири миңден коркпогон
Баатырды көрүп келдим деп,
Баш кесүүдөн сезбеген
Капырды көрүп келдим деп,
Караанын көрсөң өлөсүң,
Кача көргүн элим деп
Кууган Манас баатырдан
Куруп калган Шоорук кан
Жарым күн мурун барыптыр,
Жар чакыртып туш-тушка
Калкына кабар салыптыр.
Ую, төөсүн айдашып
Убарага калыптыр.
Таң атканда Шоорук кан,
Калкы үркүп дооруккан,
Ордосуна барыптыр,
Ойбоюн айтып салыптыр.
Шашкеге калбай эр Манас
Шатырап кирип барыптыр.
Саркерлерин* сап кылып,
Таш-Котонун талкалап,
Качып тоого кан Шоорук
Кара жанын калкалап:
Кытайдан качкан качак деп,
Маңгулдан качкан байкуш деп
Байкабай барып кол салдым.
Кол салбай куруп калсамчы
Балакетке чоң калдым!
Калкыма кылдым залалды,
Катын-бала таланды.
Элиме кылдым залалды,
Эр азамат калбады.
Аңдабай туруп катылып
Абыдан айттым сырымды,
Жарашпасам жалынып
Элимден койбойт ырымды.
Ойлонуп аны Шоорук кан,
Оболу барып катылып
Ойрону чыкты канча жан.
Муну ойлонду Шоорук кан,
Мурунтадан ойлонбой
Мурдар болду канча жан.
Көрүндү дүйнө көзүнө,
Көпмөнсүгөн кан Шоорук
Эми келди эсине,
Бармак болду тартуу алып
Эр Манастын өзүнө.
Ордодо жүргөн отуз кыз,
Окуп жеткен баары да уз.
Кыйбат баа кийгизип,
Кылтылдаган жорго аттан
Отуз бедөө мингизип,
Жасап кыздын баарысын,
Таштады Шоорук намысын,
Өз баласы Акылай,
Ойлонсоң кара жан кыйын,
Ошону баштап алышын.

