Кыргыздын баары кыйкырып
Мейли кары, мейли жаш,
Бейбак кыздар, көзүңдү ач,
Самап турган силерди
Кара кыргыз эл болот,
Кайсы бирин кааласаң
Кармаганың эр болот.
Ортого коюп кыздарды
Оңдонушуп бойлорун,
Мени кармар бекен деп
Оодарып кызга ойлорун,
Кырдап кийип бөрктөрүн,
Кыз үчүн оңдоп көрктөрүн,
Сай кашканын баарысы,
Жашы менен карысы
Сакал-мурут тарашып,
Жардап кызга карашып
Тамаша сөзүн айтышып,
Жамандыктан кайтышып,
Көзүн кызга салышып,
Көркүн оңдоп кай бирөө
Көрөр бекен мени деп
Көбүрөөк сүйлөп калышып,
Курчап турду кужулдап,
Кайсы бирөө урушуп,
Сен илгери турдуң деп
Ачуусу келип куучуңдап,
Ортодо кыздар турушуп,
Теги койбой алат деп
Тийүүгө моюн сунушуп.
Кара турат, кан турат,
Каалайт экен бизди деп
Канча түрлүү жан турат,
Уругу кыргыз эл экен,
Улугу Манас эр экен,
Эркибизге койгону,
Кааламак бизге эп экен.
Камалып турду канчалык,
Кыздын баары кысылып,
Ырас коркуп кай бирөө
Ыраңдары бузулуп.
Ботодой көзү жоодурап,
Болоттой чачы шоодурап,
Сүйгөнүңдү карма деп
Астыртадан кобурап.
Кичүүсү айтып улуусун:
Кишиден башка бою узун,
Каалоого болбой камалып,
Ушу киши болбой курусун.