Он алты жарым жашы бар,
Олоңдой кара чачы бар,
Тал чыбыктай бою бар,
Салтанатын коюп сал.
Кашы кара кыйылган,
Канга ылайык бу бир жан.
Көзү кара коюлган,
Көргөндүн көөнү тоюнган.
Ар мүнөзү бир башка
Ак тасмадай чоюлган.
Тиши байман күрүчтөй,*
Өң шоошагы, сыпаты
Зымга тарткан күмүштөй.
Ачык кабак, жатык сөз,
Кобуш мурун,* марал көз,
Алма моюн, түймө баш,
Кепичинин такасы
Жаркыраган жакут таш.
Шоорук шондо кеп айтып,
Акылай балам деп айтып:
Башында балам кой дедиң,
Байкабай туруп бок жедим.
Урушпай ата, кой дедиң,
Угуп туруп бок жедим.
Тилиңди балам албадым,
Тигилди капка арманым,
Тим кетти балам дарманым,
Жаным тирүү калса деп
Тилендим да зарладым.
Нуркталып калган эл экен,
Ушу күндө бу кыргыз
Урушка туулган неме экен.
Түптөлүп калган эл экен,
Түк качпаган өлүмдөн.
Дүмөккө тууган неме экен.
Алсаң балам кебимди
Тартуу кылып барсам деп
Таап турам эбиңди.
Ат уяты сатуу деп,
Кыйладан угуп жүрөмүн
Кыз уяты тартуу деп.
Айтканда тилим алсаң дейм,
Атакеңди өлүмдөн
Ажыратып калсаң дейм.
Каалаган атың миниңиз,
Кайышканым билиңиз.