Улуусу айтып кичүүсүн:
Кысылбай барып кармай кой.
Кыргыздын кыйын кишисин.
Кыздын баары кысылды,
Тер боюнан сызылды.
Аядил айтып салыптыр:
Жакасынан тону деп,
Астыңкы тандоо биз эмес,
Акылайдын жолу деп.
Шооруктун кызы Акылай,
Шоодураган капырай!
Короз моюн, аппак эт,
Койкоңдогон кара бет!
Карагат көздүү, кардай эт,
Кашкаңдаган кара бет!
Болгон бизге керим * деп,
Болсун Манас эрим деп,
Кыздардан чыгып бөлүнүп,
Кыргоолдой мойну көрүнүп,
Сунала басып суйкайып,
Суу чыбыктай буралып,
Султан эрге бет алып,
Манасты башта көргөндөй,
Барып, келип көнгөндөй
Баатырдын барды кашына,
Кыз да болсо Акылай
Конду дөөлөт башына.
Теңин тапты теңи деп,
Келди мунун эби деп,
Акылай мурда каалады,
Артыкпызбы андан деп
Алиги турган отуз кыз
Бирден-бирден кармады.
Карап турган көпчүлүк
Каткырыгы баш жарып
Катуу күлүп калышып,
Мыктысып туруп алдың деп,
Кыйын да болсоң бу сапар
Кыздан куру калдың деп
Шылдыңдашып калышып.
Арстан Манас баатырың
Акылай сулуу алганы,
Отуз кыз барып кыргыздан
Отуз жигит кармады,
Ар тарапка бет алып
Алтымыш киши чаптырды,
Аскердеги адамды
Баары мында келсин деп
Самбылага чакырды.