Белге чапса баш кескен,
Шиберге койсо өрт кеткен,
Шилтегени мүрт кеткен
Алды колго кылычын,
Аңдап көр жоого кылышын!
Таш көмүргө таптаган,
Как ыргайга саптаган,
Көөкөрчө кылып ийдирген,
Кыл кыял чаап чийдирген,
Чагарак алтын сомдогон,
Чапкан жоосу оңбогон
Эшик эндүү айбалта
Кыстарып алып белине,
Кыргын салып келүүгө
Шоорук кандын элине,
Коргошун-чоюн куйдурган,
Сабын темир бурдурган,
Башын болот каптаган.
Сабын темир саптаган,
Бери болсо күрсүсү
Беш жүз батман салмагы,
Бербердигер колдо деп
Беленденип алганы,
Ээринин кашына
Кыпчып алып чатына.
Мунун баарын көтөргөн
Айраңмын минген атына!
Өңү кула, кара жал,
Өзгөчө сонун бу бир мал,
Арстан эрдин мингени
Аккула деген аты бар,
Айбандан бөлөк заты бар:
Чаткаягы чаткалдай,
Жүрүп берсе чатына
Жүктүү төө баткандай,
Куюшкандын кошконго
Он бир карыш казанды
Ойноп-күлүп аскандай,
Болжолу жок чоңдугу,
Бооруна карандын
Момолой ийин казгандай
Таноосуна-мурдуна
Кирер болсо жөргөлөп
Азыркы жүргөн адамдар
Кийими менен баткандай.