Бастыргамын, жүргөмүн
Балаасын тартып дүйнөнүн,
Батаарыма жер таппай,
Баркымды билер эр таппай,
Өлгөн болсом кокустан
Өмөлүп көмөр эл таппай.
Тирилик болсо көрөрдү,
Өлсөм кейип көмөрдү,
Баркын билип өнөрдүн
Кызматка салып көрөрдү,
Талаада калбай жасатым *
Таптым бекен деп турам
Табытка салып жөнөөрдү.
Ага да жок, ини жок,
Ажал жетсе башыма
Айланар тууган бири жок.
Тууган болсоң кырк баатыр,
Тутууга келдим мен акыр,
Жибектен алган өөнүм бар,
Жигиттен калган көөнүм бар,
Ырас мени тур десең
Ынтымак сурайм көбүңдөн,
Кудай берсе ынтымак,
Куусаң кетпейт, ырыс бак.
Мени коё салыңар,
Ынтымактуу жүрмөккө
Бата кылгын баарыңар!
Алмамбет айтып салганы,
Азыр турган кырк баатыр
Акылыңа бали деп,
Кошомат кылып калганы,
Кол көтөрүп дубага
Бата кылып алганы.
Алмамбет кетпес болгону,
Арстан Манас баатыры
Көңүлү көлдөй толгону.