Жалындым кудай өзүңө,
Жайлуу жерден бир ажал
Жеткире көр өзүмө
Болгон карып экен деп
Болжосом боор бурар жок,
Жатып калсам алсырап
Кандай жаткан жансың деп
Жайы-күйүм сурар жок.
Аркамдан издээр ага жок,
Тек-жайын айтып телмирип
Артымда калган бала жок.
Издеп келер иним жок,
Ит ордуна мен өлсөм
Ичи ачыр бенде бири жок.
Таянарга тага жок,
Жараткан Жапар кудурет
Тагдырыңа дабаа жок,
Өлсөм калдым талаада,
Өзүңдөн бөлөк баана жок.
Бадышадан башкага
Баркы болбос көөхар таш,
Курган башым бир жалгыз,
Кургабай аккан көздөн жаш!
Көбүнөн калган аз болуп,
Тобунан азган кас болуп,
Ызгыч кара кашка куш
Канаттары курүлдөп,
Катуу учуп дүрүлдөп,
Бардашы кыйын канаты,
Адамды көрсө тийүүчү
Баштатан бери адаты.
Аттатып кара суулардан,
Асты Алмамбет кутулбайт
Ызылдаган булардан.
Жакынынан жат болуп,
Көңүлү кирдеп дат болуп,
Элким болуп элинен,
Медери кетип белинен
Кужуру кайнап куршугуп,
Кыжыры кайнап кырданып,
Кырааның Алмаң сурданып,
Суу көтөрбөй сиркеси
Ызгычка айткан бир сөзү:
Ызылдаба ызгыч куш,
Ырасын айтсам ушул иш,
Тызылдаба ызгыч куш,
Чынын айтсам ушул иш —
Канаттуудан сен жалгыз,
Какшыган чөлгө бүтүпсүң,
Кара башта мен жалгыз,
Кайыры жок элге бүтүпмүн,
Кылып кыйла пайданы,
Кызматым жерге житипмин!