АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Алда кандай адам деп,
Ат-тону бөлөк не жан деп
Алыстан көзүн салыптыр,
Арстан эр айран калыптыр.
Атынын мойну бир кулач,
Айбандан түрлүү көрүнөт,
Алеңгир жаа асынган,
Адамдан сүрдүү көрүнөт.
Саадагы өгүз белиндей,
Салкыны сырттын желиндей,
Атышканын уткандай,
Анча-мынча адамды
Ат, тону менен жуткандай.
Өзү дөбө бир тоодой,
Өчтөшкөнүн туткандай,
Өжөрлөнсө кишинин
Өзүн бүтүн жуткандай.
Карк алтындан уютма
Каралжын ыраң тон менен,
Калдайган кара талаада
Бөксөгө чыкчу жол менен
Бөлүнүп келе жатыптыр,
Бөрү жолдуу Алакең
Көрүнүп келе жатыптыр.
Кара бою үпчүлүү,
Капталынан топчулуу.
Малакайы алтындан,
Бардашы журттан артылган,
Башында көөхар диңсе таш,
Жаркыны көккө тартылган.
Башында жыга бөркү бар,
Бадышалык көркү бар,
Кайратына жан тургус,
Канга ылайык каркыбар.
Байкап турат алыстан,
Канга ылайык кашы бар,
Ошо келе жатышы,
Жыйырма сегиз жашы бар.
Анда Манас муну ойлоп,
Албан түрлүү көп ойлоп,
Арстанга чын болжоп:
Алдам бердиң бишарат,
Аң уулап мында келишим
Аңдасам артык ишарат.
Түштө тапкан кылычым,
Кылычымды кез кылган
Кудурет сенин кылышың.
Түштө көргөн жолборсум,
Бул Алмамбет болот го
Дүнүйөлүк жолдошум
Алмамбет эмей ким деди,
Арстан эрди аңдасаң
Айтпай-дебей билгени,
Кайра тартып жылт берип,
Кабакка Манас киргени.

