Кетсең, кетип түңүлдүк,
Турсаң, тутуп сүйүндүк!
Муну айтып көй баатыр
Алмамбетти караган
Арстан эрдин көзү өттү,
Ажыкеңден ар түрлүү,
Албан түрлүү сөзү өттү.
Алмамбет акыл ойлоду:
Таарынып чыктым Көкчөдөн
Жамандык иши бар үчүн,
Талаага кандай ит жүрсүн
Тамтыксыз дүйнө мал үчүн.
Көөхар да таш, таш да таш,
Көрүп келди далайды
Алмамбеттин курган баш.
Көөхарга ташты теңейби,
Көрүнгөн жерди сүйлөсөм
Бул олтурган көй баатыр
Кошоматчы дебейби.
Алтын сары, жез сары,
Коло сары, мис сары,
Кошулуптур мисалы,
Байкап көргүн буларды,
Баарыда окшош кубаары.
Саргарганды алтын деп
Санаама келип, жез алдым,
Билбестиктен миз алдым,
Кошуп алдым колону,
Алтын кылып сактасам
Көкчөдөн напы болбоду.
Үй деп кирип калыпмын
Үстү күмбөз ак сарай
Үйүлүп жаткан топурак
Өлүккө салган молону,
Үч күн, үч түн олтурдум,
Урматы анын болбоду.
Ачка өлөрдө чыгыпмын,
Арстан Манас атагын
Айтуудан жаман угупмун,
Келгенден соң кейпине
Айран калып турупмун.
Башка да барбы мүнөзү?
Бадыша экен сүйлөшү.
Артык да барбы мүнөзү?
Арстан экен сүйлөшү.
Ар бир жерден табылар
Азамат эрдин дүйнөсү,
Акыры минтип турган соң
Арстан эрди болорбу
Алмамбеттин сүйбөсү.