Аккелте Манас мүлкү экен,
Байкап турсам, Сарала ат
Мага ылайык жылкы экен.
Ыракмат деди кылышын,
Атына байлап тартыптыр
Ай балта менен кылычын.
Ала келди найзасын,
Ат-тонунан мен айрып
Кетирбейин айласын,
Өспөгөн жаман жан кылар
Өз жанынын пайдасын,
Ойлонуп Алмаң алыптыр,
Октой болгон көй күлүк
Отуз-кыркын чыгарып
Чубатканы калыптыр.
Ошонгуча эр Манас
Алмамбетке айтып салыптыр:
Кан деп ызат бу кылып
Кандайлыктан берет деп
Аты менен тонун деп,
Токтосо токтоп калар деп,
Токтолбой кетсем бу жерден
Тоноп тонун алар деп,
Айрып атын калар деп,
Токтолсом кадырга алар деп,
Токтолбосом бу жерге
Капа болуп калар деп
Албагын катар нээтиңе,
Адам чыкпас бетиңе.
Азгырбайын жолуңдан,
Тоспоюн айтар жообуңан,
Торгобоюн изиңен,
Найзага белги желектир,
Аккула атым минип кет,
Азамат эрге белектир,
Аккелтени атып кет,
Аманат жанга керектир.
Аккула менен Сарала ат,
Ал экөөнү баш кылдым,
Баары буудан он сегиз,
Тап этинде тептегиз,
Манастын көөнүн жайлап кет,
Бара турган жолуңа
Баарын бирдей айдап кет.
Аккүбө тонум кийип кет,
Бара турган жолуңа
Кидирбестен кирип кет,
Кишиминби, итминби,
Баатыр сизге айтарым
Алым ушул, билип кет.