АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Чыккан аттын пайдасы,
Не болду деп байгеси,
Байге сайбай ат чапкан
Манастын кандай айласы?
Ат айдаган жери түз,
Адамдын саны жети жүз,
Кожурашты баарысы,
Байге кайда, баатыр деп
Манастан сурап барышты.
Алмамбет менен сүйлөшүп,
Аңдабай баатыр калыптыр,
Айтпаса, кайда байге деп
Ажыга көзүн салыптыр.
Элден түрү бир башка,
Эрегишкен кырк кашка,
Аты чыгып бирөөнүн
Астына келип калар деп,
Өлчөп жүргөн жанына
Бир-бир атын сайган соң
Чыккан аттын ээси
Чын ушу жерде алар деп,
Атым чыкты, алдым деп
Чырга башын салар деп
Сырттан Манас муну ойлоп,
Камдап жүргөн байге жок,
Кандай кылат айла жок,
Токтолуп Манас калганы,
Баягы Серек Манаска
Дагы сүйлөп салганы:
Кырк баатырдын кырк күлүк
Кубаныч үчүн чабылды,
Айдап жүргөн малы жок,
Артып жүргөн пулу жок,
Байге кайдан табылды?
Байгеге чапкан көй буудан
Манастын тапкан күлүгү,
Жаманчылык, жакшылык
Башына түшсө кырк баатыр
Манаска түшөт түлүгү.
Бардигер атын Манасың
Тартууга берип салды го,
Аккуланы чаптырбай
Аңдап турдуң өзүңөр,
Азыр көрдү көзүңөр,
Алмамбет алып калды го.
Талаада жүргөн Манаска
Табылсын кайдан байгеси,
Кылган иши баарысы
Кырк баатырдын пайдасы,
Жыйырма чоро жаштардан
Байге боло калбаспы.

