АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Бул сөздү айтып кай бирөө
Муңайышып калышты,
Байге болгон жетөөсү
Алмамбетке барышты:
Ак сакалы Бозуулу,
Андан кийин Жоорунчу,
Үчүнчүсү Тоорулчу,
Төртүнчүсү Кербени:
Төрөбүз биздин Алмамбет,
Алмамбетке келгени.
Бешинчиси Бөгөлү,
Алтынчысы Алыке,
Жетинчиси Тазбаймат,
Манаска да карабай,
Караганга жарабай,
Башкага да карабай,
(Байыркы өткөн бабаңар
Ыкыбалын караңар),
Алмамбет деп байыбыз,
Башканын аты келгенде
Кетет эле жайыбыз.
Коңшу болдук сизге деп,
Кожоюнсуз бизге деп,
Нөкөр болдук сизге деп,
Биздерди алып, Алаке,
Өлбөс жагыңды изде деп
Башкасын таштап салышты,
Басса-турса тигилип
Алакелеп калышты:
Турса кепич оңдошуп,
Тунуп жыргап ойношуп, -
Түшсө атын алышып,
Олтурса орун салышып,
Алмамбетке ал жетөө
Жабышышып алышып.
Башканын сөзүн байкабай,
Кыраан Алма баатырдын
Кылайтып кебин кайтарбай,
Кызматына жүгүрүп,
Кыя баспай бүгүлүп,
Кырк баатырдын баарысы
Улуктугун урматтап,
Алмамбетке жүгүнүп,
Айтар кебин айтышпай
Алмамбетти сүйлөтүп,
Аттанарын-турарын
А дегенден бийлетип,
Манас баштап баарысы,
Бакай, Кыргыл карысы
Баркка Алмаңды алышты.

