МАНАС БААТЫРДЫН КАНДАЙ КАРШЫ АЛГАНЫ

Казактан чыгып кайгырып,
Кадырлашы Көкчөдөн
Каргаша болуп айрылып,
Узак жолго жол басып,
Күн батышты алып маңдайга,
Тили кургап таңдайга,
Чыканак жерге салбастан,
Чырым уйку албастан,
Эскиси түшүп эсине,
Эркин дүйнө жалган жай
Эч көрүнбөй көзүнө,
Жалгыздык түшүп жадына,
Ат керт этип чөп жебей,
Чөп жесе да көп жебей,
Эр кылт этип суу ичпей,
Аманат жан күн кечпей,
Жолдо Алмамбет бел чечпей
Эрини чарта кесилип,
Ачкадан боору эзилип,
Айнектей көзү сүзүлүп,
Акыр жалган дүйнөдөн
Абыдан күдөр үзүлүп:
Каралашкан казагым,
Казак берди азабым,
Каңгып жүргөн шум башым
Кандай жолду басамын?