Алмамбетти кетирбей
Тутардын камын кылыңар!
Алышсак душман ар жерде,
Алмамбет баатыр бар жерде
Ал жетпеген душманды
Жутардын камын кылыңар!
Башын тартпас өлүмдөн
Баатырлык жайы көрүнөт,
Бас адамга тең жүрчү
Бакырлык жайы көрүнөт,
Карарса кайра жанбаган
Капырлык жайы көрүнөт!
Келе жатыр жол менен,
Кейиш тартып ой менен,
Ашмаранын оюнда,
Ак-Эрмендин боюнда,
Алтындуу саадак колунда.
Аттанып чыгып беш баатыр
Бөксөгө чыгып келгенде
Азыр тургун жолунда.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай
Сырттан Сыргак, Кутунай,
Акимдин бири бу дагы
Акбалтанын Чубагы,
Белиме таңуу беш баатыр
Азыр кайрат убагы!
Көк колот ылдый салыңар,
Көрүнбөстөн барыңар.
Жаныңа жакын келгенде
Айгай салып бакырып,
Каракчы болуп чыгыңар
Капилет сайып жыгыңар.
Жортуулчу болуп чыгыңар,
Жол боюна жыгыңар.
Атын коштоп алыңар,
Айдап жолго салыңар,
Бол жүргүн деп шашыңар,
Ботонун белин ашыңар.
Тоноп тонун алыңар,
Топоңдотуп кубалап
Топту көздөй салыңар.
Кожойтуп айдап алыңар,
Колду көздөй салыңар,
Койбойм тирүү жаның деп
Коркутуп айткын баарыңар.
Жүткүндүрүп келиңер,
Жүрөгүн сынап билиңер!
Алкындырып келиңер,
Акылын сынап билиңер!