АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Мылтык атып тарс коюп,
Добул согуп карс коюп,
Желегин шамал жапырып,
Жеп ийчүүдөй бакырып,
Чукул жерден чубуруп,
Жакын жерден жабылып
Качырып чыга калганы,
Келе жаткан Алмамбет
Чил учкандай селт этип
Бир да карап албады.
Коргошун жүрөк, пил билек,
Коркпой турган Алмамбет,
Айбаты жолборс, ач курсак,
Ар мүнөзүн аңдап бак:
Жайык маңдай, жазык төш
Жалаяк ооз, жалын көз,
Жан катылчу неме эмес.
Ач арстандай ыңгырап,
Найзасы колдо зыңгырап,
Албарсы белде шыңгырап,
Жолдон азган бир жолборс,
Жологон бенде соо болбос.
Кесенип чыккан беш баатыр
Келди токтоп кала албай,
Кезиккен менен беш баатыр
Бардашына болду таң,
Батынып колун сала албай.
Сундурган найза жарагын,
Султан Алмаң кебелбей
Бастырышын карагын!
Кабагы бийик, өңү саз,
Кабыландай мараган,
Каар менен караган.
Менменсиген беш баатыр
Кайратына таң калган.
Кол салса кокус кылгандай,
Койго тийген бөрүдөй
Кырып салып тынгандай.
Барганы менен бакырып,
Бар кайратын чакырып,
Кайраты мындай ким болду,
Каары катуу беш баатыр
Катыла албай тим болду.
Бардашы мындай ким болду,
Барган менен беш баатыр
Батына албай тим болду.
Кыраан Алмаң бастырган
Кылжейрен менен калкайып,
Кыйкырып барган беш баатыр
Кошулуп калды бастырып,
Саламын айтып шалкайып.

